Кечээ, 12-ноябрь күнү Манас шаарында эл аралык MANAS CUP 2025 (U-23) эл аралык футболдук мелдеши башталды. Анда Кыргызстандын олипиадалык курамасы алгачкы беттешин Бахрейнге каршы өткөрүп, 2:1 эсебинде жеңишке жетти.
Оюндун биринчи бөлүгүндө эсеп санын Арсен Шаршенбеков теңеди. Ал эми 42-мүнөттө Антон Полев дагы бир гол киргизди.
Аталган мелдеште Кыргызстан, Россия, Иран жана Бахрейндин курамалары күч сынашып, беттештер Манас шаарынын «Курманбек» стадионунда өтүүдө. Белгилей кетсек, бул эл аралык мелдеш алкагында биздин курама командабыз 2026-жылкы Азия Кубогунун финалдык баскычына даярдык көрөт.
Кийинки оюн 15-ноябрь күнү Иранга, ал эми 18-ноябрь күнү Россияга каршы өтөт.