Бишкек шаарында спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты уланууда. Бүгүн, 8-апрелде, мелдештин үчүнчү күнү кыз-келиндер күрөшү боюнча беттештер башталып, анда 50, 55, 59, 68 жана 76 кг чейинки салмакта медалдар ойнотулат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.
Кыргызстандын курама командасынын атынан төмөнкү балбандар килемге чыгат:
Арууке Кадырбек кызы — 55 кг чейин;
Сезим Жуманазарова — 59 кг чейин;
Мээрим Жуманазарова — 68 кг чейин;
Айпери Медет кызы — 76 кг чейин,
50 кг чейинки салмакта Кыргызстандын өкүлү катышпайт.
Алдын ала беттештер саат 11:30да башталат.