Күрөш боюнча Азия чемпионаты: экинчи күнү грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандыктар беш салмакта күч сынашат

7-апрелде Бишкек шаарында спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты уланууда. Мелдештин экинчи күнү килемге грек-рим күрөшүнүн балбандары чыгып, 60, 67, 72, 82 жана 97 кг салмак чендеринде күч сынашат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.

Бул күнү Кыргызстандын курама командасынын атынан төмөнкү балбандар күч сынашат:
60 кг чейин — Курманбек Жапаров;
67 кг чейин — Раззак Бейшекеев;
72 кг чейин — Амантур Исмаилов;
82 кг чейин — Ырыскелди Максатбек уулу;

97 кг чейин — Мелис Айтбеков.

Алдын ала беттештер саат 11:30да башталат.