Күрөш боюнча Азия чемпионатынын ачылыш аземи болуп өттү

Кечээ, 11-апрель күнү Бишкекте күрөштүн түрлөрү боюнча (эркин, кыз-келиндер жана грек-рим күрөшү) чоңдор арасындагы Азия чемпионатынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Ага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Азия-Бириккен күрөш дүйнөсүнүн президенти Даулет Турлыханов жана Күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев катышты.

Мелдештер “Бишкек Арена” шаардык муз аянтчасында өтүүдө. Учурда 20 жакын мамлекеттин курама командалары күч сынашып жатат. Алар: Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Түштүк Корея, Кытай, Индия, Япония, Иран, Палестина, Ирак, Түндүк Корея, Монголия, Шри-Ланка, Ирак, Пакистан, Бахрейн жана Тажикстан. 11-12-апрель күндөрү эркин күрөш , 13-14-апрель кыз-келиндер арасында, 15-16-апрель грек-рим күрөшү боюнча беттештер өтөт.

“Спорттук күрөш – бул күчтү жана шамдагайлыкты сыноо гана эмес, өзүнүн жарашыктуулугу жана техникасы менен өзгөчөлөнүп турган тартип. Бул чемпионат чыныгы чемпиондорду аныктаган мыкты атлетикалык көндүмдөрдү, туруктуулукту жана күрөштөгү демди көрсөтүү үчүн аянтча болот. Азиянын эң мыкты спортчулары, анын ичинде өлкөбүздүн алдыңкы спортчулары “Азия чемпиону” ардактуу наамы жана алдыда Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо алуу үчүн күч сынашат”, – деди Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы мамлекет башчысы спорттун бул түрүн өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканын белгилеп, биздин спортчулар жеңип алган беш лицензиянын төртөө күрөш боюнча экенин кошумчалады.