Күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингдик мелдеш: 5 балбан финалга чыкты

“Бишкек-Арена” муз аянтчасында өтүп жаткан грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Каба уулу Кожомкул жана Раатбек Санатбаев атындагы Дүйнөлүк рейтингдик мелдештин жыйынтыктоочу күнүндө эркин күрөш боюнча беттештер өтүп жатат.
Улуттук курама командадан 5 балбан финалга чыкты:
57 килограмм: Алмаз Сманбеков — Бекзат Алмаз уулу (Кыргызстан)
61 килограмм: Тайырбек уулу Жумашбек — Шота Партенадзе (Греция)
65 килограмм: Алибек Осмонов — Тимур Очир Тулга (Монголия)
70 килограмм: Орозобек Токтомамбетов — Талгат Сырбаз (Казакстан)
Финалдык беттештер 18:00дө башталат.