Күрөш боюнча эл аралык мелдеш: Айсулуу Тыныбекова алтын медалга ээ болду

Бүгүн, 28-февралда Украинанын борбору Киев шаарында өтүп жаткан Күрөш боюнча эл аралык мелдеште Айсулуу Тыныбекова алтын медалга ээ болду.

Турнирге 62 килограмм салмакта катышкан Айсулуу Тыныбекова финалда украиналык балбан кыз менен беттешти. Тыныбекова беттештин биринчи бөлүгүндө атаандашынан утулуп кала жаздады. Бирок экинчи бөлүктө Айсулуу Тыныбекова керектүү болгон 4 упайлык ыкманы жасап, 9:7 эсебинде атаандашын жеңип, алтын медалга ээ болду.