Күрөш боюнча рейтингдик мелдеш: Айпери Медет кызы финалга чыкты

Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Айпери Медет кызы Бишкек шаарында өтүп жаткан грек-рим,эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Каба уулу Кожомкул жана Раатбек Санатбаев атындагы Дүйнөлүк рейтингдик мелдештин финалына чыкты.

Спортчу 76 килограмм салмак категорияда беттешип, украиналык балбанды 10:6 эсебинде, кытайлык балбанды 6:3 эсебинде жеңди. Белгилей кетсек, спортчу финалда кытайлык балбан менен күч сынашат.

Финалдык беттештер саат 18:00дө башталат.