Мээрим Жуманазарова Бишкек шаарында өтүп жаткан рейтингдик мелдеште коло медалга ээ болду. Ал эркин күрөш боюнча 68 килограмм салмак категориясында күч сынашып жатат. Жуманазарова 1/4 финалда казакстандык Елена Шалыгина менен күрөштү. Беттеш 1:1 эсебинде жыйынтыкталып, жеңиш Жуманазаровага ыйгарылган.
Ал финалга чыгуу үчүн болгон беттеште монголиялык спортчудан утулуп калды. 3-орун үчүн беттеште канадалык спортчуну жеңди.