Күрөш федерациясына жаңы президент шайланды

14-сентябрда Бишкекте Кыргыз Республикасынын күрөш федерациясынын кезексиз шайлоо конференциясы болуп, күрөш федерациясынын президенти болуп Эркин Тентишев шайланды.

Федерациянын мурдагы жетекчиси Мелис Турганбаев Эркин Тентишевге ийгиликтерди каалаган. “Жаңы күч, жаңы дем деген жакшы нерсе, ал эми эскилери жардам берип турсак, андан дагы жакшы. Мен жаңы президентке ийгиликтерди каалайм. Четте турбай мындан ары да жардам берем”, — деп билдирди Турганбаев.