Кыргызстандык лыжачы Олимпиадада марага жетпей калды

Бүгүн, 16-февралда кыргызстандык тоо лыжачы Максим Гордеев Пекинде өтүп жаткан Олимпиадада жарышка чыкты.

Кыргызстандык спортчу финишке чыга албай, мелдешти жыйынтыктады. Эми ал саат 11:45те кезектеги мелдешке чыкпайт. Спорттун бул түрү боюнча 88 спортчу күн сынашып, анын 52си гана финишке жетти. Гордеев 81-катар сан менен жарышка чыккан. Учурда слалом боюнча австриялык спортчу алдыда.