Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда Дүйнө чемпионатынан эки медаль менен кайтты

Бүгүн, 20-сентябрда Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасы Хорватиянын борбору Загреб шаарында өткөн спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионатынан мекенине кайтып келди.
Спортчуларды “Манас” эл аралык аэропортунан Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Мелис Тобокелов, ошондой эле балбандардын жакындары жана күйөрмандары тосуп алды. Аталган чемпионаттан Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасы эки медаль кайтып келди:
• 76 килограмм салмак категориясында Айпери Медет кызы күмүш медаль ээси болду;
• 72 килограмм салмак категориясында Нурзат Нуртаева коло медаль тагынды.
Спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионаты 13-сентябрдан тарта Хорватиянын борбору Загреб шаарында өтүп, дүйнөнүн эң күчтүү балбандарын чогултту.