Кыздары кыйын кыргыздын! Балбандар 2 алтын жана 1 коло медаль тагынышты

Кыргыз балбан кызы Мээрим Жуманазарова Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча жеке Дүйнөлүк Кубокто алтын утуп алды. Ал 68 килограммга чейинки салмак категориясында кыз-келиндер күрөшү боюнча күч сынашып, финалда чехиялык Адела Ганзличкова менен беттешип, аны 8:2 эсебинде жеңип алды. Жуманазарова бул мелдеште жалпысынан үч беттеш өткөрдү. Алгач беларус спортчусун 4:1 эсебинде, жарым финалда украиналык балбан кызды (6:6) эсебинде жеңилүү ызасын тарттырган.

Дагы бир сүйүнүчтүү кабар — бул кыргыз балбан кызы Айпери Медет кызы коло медаль алганы болду. Ал 76 килограммга чейинки салмак категориясында кыз-келиндер күрөшү боюнча килемге чыгып, соңку кармашта орусиялык спортчудан 11:8 эсебинде жеңилип калды.

Буга чейин Айсулуу Тыныбекова 62 килограммга чейинки салмак категориясында катышып, финалда атаандашын жеңүү менен алтын медаль алган эле.

Олимпиада оюндары жылдырылып кеткенине байланыштуу Дүйнөлүк чемпионат өткөрүү каралган. Бирок айрым өлкөлөр катышуудан баш тартканы үчүн беттешти жеке Дүйнөлүк кубогу деп атоо чечилген. Эркин, грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча жеке Дүйнөлүк кубогу Сербияда 10-20-декабрь күндөр аралыгында болуп өтөт.