Күзөт кызматынын кызматкерлери эл аралык марафондо коло байге утушту

15-майда Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Бактуу-Долонjту айылындагы ипподромдо «Run the Silk road — Shanghai Cooperation Organization» эл аралык марафону уюштурулган. Ага 35 мамлекеттин спортчулары катышты.

Бул марафонго Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлери дагы катышканын басма сөз кызматынан билдиришти. Милициянын прапорщиги Нагызбек Карбозов 35-40 жаш курактагылар арасындагы категорияда жана милициянын подполковниги Максат Тажиев 40-45 курактагылар арасындагы категория боюнча атаандаштарынын арасынан 3-орунду ээлеген. Алар коло медаль тагынды. Ал эми милициянын подполковниги Таалайбек Алымкулов 45-50 жаш курактагылар арасында 13-болуп келген.