Лицензиялык турнир: Мээрим Жуманазарова мурдун канаткан казак балбанын жеңди

68kg WW - Meerim ZHUMANAZAROVA (KGZ)

Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азиянын лицензиялык турнирин Мээрим Жуманазарова жеңиш менен баштады. Ал 68 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашып жатат.

Жуманазарова биринчи беттешинде казакстандык Елена Шалыгина менен беттешип, аны жеңип алды.


Мээрим Жуманазарова мурдагы жылдын 11-апрелинде Азия чемпиондугунда коло медаль үчүн күрөшүп, беттеште мурдунан жаракат алып, четтетилип калган. Андан соң Инстаграмдагы баракчасына сторис бөлүшүп, стористе «калыстар адилетсиз чечим чыгарды» деген аталышта видео жарыяланган. Ал эми Казак спортчусу Елена Шалыгина беттеш тууралуу комментарий берип жатып «Мен башым менен кокустан Мээримдин мурдуна тийип алдым. Ушундай болуп калды» деген.