Лионель Месси жетинчи жолу «Алтын топту» алды

«Алтын топту» ПСЖ жана Аргентинанын чабуулчусу Лионель Месси алды. 34 жаштагы аргентиналык спортчу бул сыйлыкты 7-ирет жеңип алды. Албетте, бул рекорддук көрсөткүч.

Криштиану Роналду «Алтын топтун» саны боюнча экинчи орунду ээлейт, анын 5 сыйлыгы бар.

2021-жылы Месси «Барселона» менен Испаниянын Кубогун жеңип, 2020/21 сезонун 30 гол менен Ла Лиганын эң мыкты бомбардири катары бүтүргөн жана Аргентина менен биринчи жолу Америка Кубогун жеңген. Буга чейин Месси 2009-жылдан 2012-жылга чейин, ошондой эле 2015 жана 2019-жылдары катары менен төрт жолу «Алтын топту» алган. Өткөн жылы алар сыйлыкты коронавирустун пандемиясынан улам тапшырбоо чечимин кабыл алышкан.