Лыжачы Максим Гордеев: «Ар бир спортчунун максаты — Олимпиада»

4-февралда Кыргызстандын убактысы боюнча саат 18:00дө Кытайдын Пекин шаарында Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи болуп өттү. Олимпиада оюндарында Кыргызстандын намысын лыжачы Максим Гордеев коргойт. Дал ушул спортчу ачылыш аземде Кыргызстандын желегин көтөрүп чыкты.

Ал соцтармактагы баракчасына ачылыш аземден кийинки сезимдери менен бөлүштү. «Мунун баарын эмне үчүн баштаганымды азыр түшүндүм. Бүткүл дүйнөлүк спорт майрамында — Олимпиадада болуу ар бир спортчунун негизги максаты. Эми Пекиндеги Олимпиадада туруп айткым келди. Мага бул максатты коюуга улуу агамдын салымы чоң. Ал мени 3 жашымдан баштап машыгууга алып барган. Ал мелдештен келгенде сумкасын карап жатып, ар дайым өзүмө белек табар элем! Мен дайыма ага окшош болгум келчү!» — деп жазды ал.