Махмудов менен Власовдун бетме-бет жолугушуусу (видео)

26-апрелде Алматыда эркин күрөш боюнча «Поддубный күрөш лигасы» эл аралык турнири өтөт.

Турнирдин негизги күрөштөрүнүн бири грек-рим күрөшү боюнча 77 килограммга чейинки салмак чениндеги күрөш болмокчу. Килем үстүндө 2 жолку Олимпиада чемпиону жана дүйнөнүн 3 жолку чемпиону Роман Власов менен учурдагы дүйнөнүн чемпиону жана 2020-жылкы Олимпиаданын күмүш медалынын ээси Акжол Махмудов беттешет.

25-апрелде спортчулар бетме-бет кездешти.