Майк Тайсон менен Рой Жонстун беттешинде жеңүүчү аныкталган жок

Мушкерлер Майк Тайсон менен Рой Жонстун беттеши тең чыгуу менен аяктады. Көптөн бери күтүлүп келе жаткан беттешти тарыхта калары айтылып жаткан.

Беттеш катышуучулардын жаш-курагына жараша 2 мүнөттөн 12 раундга эмес, 8 бөлүккө созулду. Ага дүйнөнүн мурдагы чемпиондору Чэд Доусон, Винни Пациенца жана Кристи Мартин калыстык кылышкан. Мартин 76:76, Доусон Тайсондун пайдасына 79:73, Пациенца Жонстун пайдасына 80:76 эсебинде упай берген.

Майк Тайсон бул беттеште жеңгенин айтып, калыстарга нааразычылыгын билдирди. Ал эми Рой Жонс буга кошулбай тургандыгын айтты.

Оор салмактагы дүйнөнүн мурдагы чемпиону Майк Тайсон 54 жашта. Ал карьерасын 2005-жылы жыйынтыктаган жана рингге Рой Жонс менен беттешүү үчүн кайтып келди. Майк Тайсондун эсебинде 50 жеңиш бар, 6 беттеште жеңилүү ызасын тарткан. Төрт салмак категориясындагы дүйнөнүн мурдагы чемпиону Рой Жонс 51 жашта. Ал рингден 2018-жылы кеткен, баш-аягы 76 беттеш өткөрүп, анын 66сында жеңишке жеткен.

Тең чыгуу менен аяктаган беттеш үчүн Тайсон 10 миллион доллар, Жонс 3 миллион доллар алат.