Майк Тайсон өз жанын кыйгысы келгенин, бул абалдан галлюцинация жаратуучу козу карын куткарып калганын айтты

Америкалык мушкер Майк Тайсон өз жанын кыйгысы келгенин, бул абалдан галлюцинация жаратуучу козу карын куткарып калганын айтты. Бул тууралуу ал Reuters маалымат агенттигине айтып берген. «Бир жолу мага козу карындар тууралуу айтып беришти… Анан эле бүткүл жашоом өзгөрдү», — деген Тайсон.

Дарыгерлер андай козу карындар баңгизат болуп саналарын жана ал галлюцинация, паника жана башка олуттуу кесепеттерге алып келерин айтып эскертишет. Бирок жакында 55 жашка толо турган мушкер козу карындан улам абалы жакшырганын айткан. «Ошол күндөрдү азыр оозума алгандан корком. Мен ошол кезде өз жаныма кол салуунун чегинде элем, азыр мен кайдамын?» — деген Тайсон.

Мушкер мындан ары жогорудагы өз тажрыйбасы тууралуу айтып бергиси келип, «Wesana Health» компаниясы менен кызматташууну баштады. Аталган компания спортчулар менен аскер кызматкерлерин галлюцинация жаратуучу заттар менен дарылоону иликтеп келет.