Максим Гордеев Кышкы Олимпиада оюндарына катышуу үчүн Пекинге учуп кетти

Кыргызстандык лыжачы Максим Гордеев Пекинге учуп кетти. Бул тууралуу Лыжа федерациясынан билдиришти.

Белгиленгендей, спортчу Кытайдын борборуна Кышкы Олимпиада оюндарына катышуу үчүн барат. Ал 16-февралда мелдешке чыгат.