Малайзияда кыргызстандык автоспорт боюнча жарышта алтын медаль утуп алды

Малайзияда өткөн автоспорт боюнча жарышта  Улукбек Байзаков алтын медаль утуп алды. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Кечээ, 1-октябрда Куала-Лумпурда (Малайзия) өткөн «автослалом» категориясы боюнча Азия-Тынч океан автоспортунун чемпиондугунда Кыргызстандын атынан чыккан Улукбек Байзаков биринчиликти жеңип алды. Ал Кыргыз Республикасынын спорт чебери.

Кыргызстандын автомотоспорт боюнча курама командасы тарыхта биринчи жолу Азия-Тынч океан чемпиондугуна катышты. Бул оюндарга жалпысынан 27 өлкөнүн командалары ат салышкан.