“Manas cup 2025” (U-23) турнири Орусиянын курамасынын жеңиши менен аяктады. Кечээ, 18-ноябрь күнү Манас шаарында эл аралык Manas cup 2025 (U-23) эл аралык футболдук мелдеши жыйынтыкталды. Анда 8:0 эсебинде коноктор Кыргызстандын олимпиадалык курамасын жеңди.
Эске салсак, Кыргызстандын олимпиадалык курамасы Бахрейн жана Иран курамасын 2:1 эсебинде жеңген.
Мелдештин жалпы жыйынтыгы:
1-орун — Орусия (9 упай) — 50 миң АКШ доллары;
2-орун — Кыргызстан (6 упай) — 30 миң АКШ доллары;
3-орун — Иран (3 упай) — 20 миң АКШ доллары;
4-орун — Бахрейн (0 упай) — 10 миң АКШ доллары;
«Mанас Сup 2025» салттуу мелдешке айланып, жаш курама командалардын өз ара тажрыйба алмашуусуна, эл аралык деңгээлдеги оюн практикасын жогорулатууга жана достук мамилелерди чыңдоо максатын көздөйт.