Манас Ниязов: «Нооруздагы көк бөрүдө утулуп калган соң, катанын үстүнөн иштедик»

Кечээ, 9-майда «Жеңиш кубогу-2023» республикалык мелдешине арналган улуттук спорттун түрлөрү боюнча таймаштар жыйынтыкталды. Мелдеш Жалал-Абад облусунун «Телтору» ат майданында өттү.

Көк бөрү боюнча мелдештин алкагында Жогорку лигада финалдык оюндар болуп, «Сары-Өзөн» менен «Достуктун» улакчылары биринчиликти талашышты. Оюн 9:3 эсебинде «Достуктун» жеңиши менен аяктады.

«Достук» командасынын оюнчусу Манас Ниязов оюн тууралуу пикирин билдирди. «Биз күткөн жеңиш болчу. Буюрса ниетибизге жеттик. Оюн татаал болду. Аракет кылдык. «Ынтымак» Ноорузда чемпион болгон команда. Аларда мыкты жигиттер, мыкты аттары бар. Ноорузда утулуп калгандан кийин катуу даярдандык. Катачылыктын үстүнөн иштедик», — деди ал.