Манас Ниязов оюн учурунда жаракат алып, ооруканага жаткырылды

Бүгүн, 20-мартта Нооруз майрамына карата өткөрүлүп жаткан көк бөрү мелдешинде улакчы Манас Ниязов оюн учурунда жаракат алып, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынын соцтармактагы баракчасында жарыяланды.

Манас Ниязов Жогорку Лиганын 3-оруну үчүн мелдеште «Ала-Тоо» жана «Достук» командалары беттешип жаткан учурда жаракат алды. Тагыраагы беттеште 1-1 эсеби катталып, оюн буллитке барган. Дал ошол буллитте Манас Ниязов аттан кулап, жаракат алып калганына байланыштуу «Ала-Тоо» буллитти уланткан жок. «Достук» 3-орунду алды. Ал эми Манас Ниязов азыркы учурда Чолпон-Ата шаарынын ооруканасында.