«Манас» ордени, 10 миллион сом жана Toyota RAV4″. Токио Олимпиадасында медаль алгандарга сыйлык тапшырылды

Бүгүн, 23-августта президент Садыр Жапаров Токиодогу Олимпиада оюндарына катышкан спортчуларга мамлекеттик сыйлык тапшырды.

Олимпиада оюндарында күмүш медаль алган спортчу Айсулуу Тыныбековага 2-даражадагы «Манас» ордени, 10 миллион сом акчалай сыйлык жана президент Садыр Жапаровдун атынан Toyota RAV4 үлгүсүндөгү унаа тапшырылды.

Ошондой эле, Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча күмүш медалды багындырган Акжол Махмудовго да 2-даражадагы «Манас» ордени, 10 миллион сом акчалай сыйлык жана президенттин атынан Toyota RAV4 үлгүсүндөгү унаа тапшырылды.

Токиодогу Олимпиада оюндарындагы коло медалдын ээси Мээрим Жуманазаровага 3-даражадагы «Манас» ордени, 7 миллион сом акчалай сыйлык жана президенттин атынан Toyota RAV4 үлгүсүндөгү унаа тапшырылды.