Футболдун легендасы Марадонанын өлүмүнө дарыгери шектелүүдө

Аргентина бийлиги футболчу Марадонанын өлүмү боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп, анын алкагында футболчунун дарыгери Леопольд Лукеге карата тергөө иштери башталды. Анда Диего Марадонанын өлүмү дарыгердин кайдыгерлигинин кесепети болушу мүмкүн деп болжолдошууда. Аргентинанын аскер прокуратурасы дарыгердин үйүнө тинтүү жүргүзгөнү да маалым болгон.

Ал эми айып тагылып жаткан дарыгер маалымат жыйын өткөрүп, дүйнөлүк футбол жылдызын сактап калуу үчүн болгон аркетин жумшаганын айтты.

Ошондой эле футболчунун адвокаты Марадонанын өлүмүнө “Тез жардам” кызматынын кеч, тактап айтканда жарым сааттан ашык убакытта келгени да себепчи деген билдирүүсүн жарыялаган.

Легендарлуу футболчу Диего Марадона 25-ноябрда көз жумган.