Марокко Испанияны 3:0 эсебинде жеңип, Дүйнө чемпиондугунун тарыхында чейрек финалга чыкты

Испания курама командасы 2022-жылы Катарда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунун 1/8 финалдык беттешинде Марокко курамасына пенальтилерде утулуп калды.

Беттештин негизги убактысы 0:0 эсебинде аяктады. Командалар кошумча убакытта бири-биринин дарбазасына сокку ура алышкан жок. Андан соң пенальти башталды. 

Марокколуктар биринчи болуп эсепти ийгиликтүү ачышты. Испания эсепти теңей алган жок, Пабло Сарабия дарбазага сокку узатып, штангага тийди. Кийинки пенальтини да марокколуктар аткарып, алар 2:0 эсебинде алдыга чыгышты. Испаниялык командадан Карлос Солер сокку узатса, Марокконун дарбазачысы Яссин Буну анын соккусун оңой эле кайтарды. Серги Бускетстин тобун да тосуп койду. Испаниялык дарбазачы Унаи Симон өз кезегинде бир гана 11 метрлик соккуну кайтара алды.

Марокко курама командасы тарыхта биринчи жолу дүйнө чемпионатынын чейрек финалына чыкты.