«Айсулуу Тыныбековадан үлгү алам жана ала берем». Дүйнө чемпиону Мээрим Жуманазарованын маеги

Дүйнө чемпиону болгон кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова беттештен кийин журналисттер менен маектешти. Ал суроолорго жооп берип жатып, атаандашы тууралуу, Олимпиада оюндарында, Дүйнө чемпиондугунда медаль тагынгандан кийинки жашоосу тууралуу, Айсулуу Тыныбекова тууралуу кеп салды.

Анын айтымында, финалда кез келген япониялык спортчу Рин Мияжи менен буга чейин да беттешкен. «Дүйнө чемпиону болгонума абдан кубанып турам. Мен финалда беттешкен спортчу менен буга чейин да кез келгем. 2019-жылдагы Азия чемпиондугунда килем үстүнө чыкканбыз», — деди ал.

Ошондой эле Дүйнөнүн эки жолку чемпиону болгон Айсулуу Тыныбековадан үлгү аларын айтты. «Ооба, Айсулуу Тыныбековадан үлгү алам жана ала беребиз. Ал биздин команданын лидери. 2019-жылы Дүйнө чемпиондугуна мен катышкан эмесмин. Бул жолу да Дүйнө чемпиону болду. Абдан кубандым», — деди спортчу.

Ал эми журналисттин «Олимпиада оюндарында да медаль тагындыңыз, эми минтип Дүйнө чемпиону болуп отурасыз, жашооңуз кандай нукка өзгөрдү?» деген суроосуна «мурдагыдай эле, мурда кандай жакшы болсо, азыр деле ошондой» деген жооп узатты. «Алдыга максат коюш керек. Ошого жетүү керек. Эч нерседен коркпош керек. Баары колдон келет. Машыктыруучу жок мындай ийгиликтерге жетүү мүмкүн эмес. Биздин машыктыруучулар эң күчтүү адамдар», — деп сөзүн жыйынтыктады.