Машыктыруучусу менен күрөшкөн Айпери Медет кызы (видео)

Социалдык тармактарда балбан Айпери Медет кызы менен күрөш боюнча кыздар курама командасынын машыктыручуусу Нурбек Изабековдун күрөшүп жаткан видеосу жарыяланды.

Жаш спортчулар менен тең тайлаша күрөшкөн Изабековдун дарегине көптөгөн жакшы каалоо-тилектер жазылып, дагы көп жыл кыздарды машыктырып Олимпиада оюндарынын чемпиондорун чыгаруусуна тилектеш болушкан.