Мбаппе “Реал Мадридде”. Презентацияга 85 миң адам келди

Кечээ, 16-июлда Мадриддеги “Сантьяго Бернабеу” стадионунда франциялык чабуулчу Киллиан Мбаппенин презентациясы өттү. Ага 85 миңден ашуун күйөрман келди. Футболчуга “Реал Мадриддин” президенти 9-номурдагы футболканы тапшырды.

25 жаштагы Киллиан Мбаппе менен “Реалдын” ортосунда келишим 3-июнда расмий түзүлгөн. Ал 2029-жылдын июнь айына чейин падышалык клубдун курамында ойнойт.