Медер Сыдыков Кыргыз футбол союзунун президенти болуп шайланды

Медер Сыдыков Кыргыз футбол союзунун президенти болуп шайланды. Анын талапкерлигине катталган 27 делегаттын 24ү добуш берди. Ал эми дагы бир талапкер экс-президент Алмазбек Атамбаевдин күйөө баласы Семетей Султановду үч гана киши колдоду.

Буга чейин Медер Сыдыков Футбол союзунун башкы катчысы болуп иштеген.