Мээрим Жуманазарова алтын үчүн күрөштө утулуп калды

Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова Монголияда өтүп жаткан Азия чемпиондугунда күмүш медаль жеңди. Ал финалдык беттеште атаандашынан жеңилип калды.

Тайпалык баскычта кыргызстандык спортчу алгач казакстандык спортчуну жеңсе, экинчи айлампада кореялык кызды мөөнөтүнөн мурда жеңип, жарым финалга жолдомо алды. Жарым финалда Жуманазарова Монголиянын спортчусу менен беттешип, жеңишке жетти.

Финалда кыргызстандык кайрадан казакстандык Мадина Бакбергенова менен беттешип, аны биринчи раундда жеңген. Жуманазарова 2:1 эсебинде алдыда келе жаткан, бирок беттештин бүтөөрүнө 25 секунд калганда атаандашынын чабуулун 2 упайга өткөрүп жиберди. Бакбергенова Азия чемпиону аталса, Жуманазарова күмүш байгеге ээ болду.