Азия оюндарында күрөш боюнча мелдеш 4-октябрда башталат. Бул тууралуу спорттун бул түрү боюнча федерациядан билдиришти.
Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасына Жоламан Шаршенбеков, Раззак Бейшекеев, Акжол Махмудов, Атабек Азисбеков, Үзүр Жузупбеков, Роман Ким кирген. Кытайга Айсулуу Тыныбекова, Нурзат Нуртаева жана Айпери Медет кызы да барат.
Буга чейин барчулардын тизмесинде Мээрим Жуманазарова бар болчу, бирок ал колунан жаракат алган.