Мээрим Жуманазарова беттештен четтетилгени тууралуу: «Казак кыз күрөшкөнгө эмес, мушташканга чыккан окшойт»

68kg WW - Meerim ZHUMANAZAROVA (KGZ)

Мээрим Жуманазарова 11-апрелде Азия чемпиондугунда коло медаль үчүн күрөшүп, беттеште мурдунан жаракат алып, четтетилип калган. Андан соң Инстаграмдагы баракчасына сторис бөлүшүп, стористе «калыстар адилетсиз чечим чыгарды» деген аталышта видео жарыяланган. Ал кечээ, 13-апрелде «Азаттыкка» беттеш боюнча комментарий берди.

«Азия биринчилигине аябай жакшы даярданып баргам. Бирок негедир бардык беттеш ийгиликсиз болуп жатты. Экинчи беттеште япониялык спортчуга утулуп калдым. Ал эми үчүнчү Казак кыз күрөшкөнгө эмес, мушташканга чыккан окшойт. Чыгып эле сүзүп баштады. Мурдум сынып кетти деп, ошол жерде түздөштү. Берилген убакытта мурдумдун каны токтобой койду. 4 мүнөттөн кийин токтоду. Берилген убакыт бүткөндөн кийин беттешке уруксат берилбейт экен. Четтетилип калдым. Агайлар «назик күрөшүп жатасың» деп жатат, эми катуу күрөшөм. Дагы ийгилик жаратканга күчүбүз бар. Интернеттен колдоону көрүп жаттым. Баарын окуп, ошол беттеште медаль алышым керек дегем», — деди ал.

Ал эми Казак спортчусу Елена Шалыгина беттеш тууралуу комментарий берип жатып «Бул жерде башкача кылуу мүмкүн эмес. Ооба, катаал болду. Бирок тыюу салынган ыкмаларды колдонбоого аракет кылдым. Мен башым менен кокустан Мээримдин мурдуна тийип алдым. Ушундай болуп калды» деген.