Мээрим Жуманазарова Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатынын финалына чыкты

8-апрелде Бишкекте өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатынын алкагында Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Мээрим Жуманазарова финалга чыкты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.

Ал 68 кг чейинки салмак ченинде күч сынашып, мелдешти чейрек финалдан баштады. Алгачкы беттешинде кыргызстандык балбан Вьетнамдын өкүлүн 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңди. Жарым финалда Кытайдын спортсменин курч жана чыңалган кармашта утуп, финалга жолдомо алды. Ал эми чечүүчү финалдык баскычта дүйнөлүк рейтингдин лидери — Япониянын өкүлү, Азия жана дүйнө чемпиону (65 кг) Мива Морикава менен беттешет.

Финалдык беттеш 9-апрелде саат 18:00 дө башталат.