Мээрим Жуманазарова Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда чейрек финалга чыкты.
Ал 68 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашууда. Жуманазарова биринчи беттеште Перунун өкүлүн мөөнөтүнөн мурда 10:0 эсебинде жеңип, 1/8 финалда Украинанын өкүлүнөн күчтүү болуп, чейрек финалга чыкты.