Мээрим Жуманазарова Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунда өз оюнун жыйынтыктады. Ал 68 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан.
Жуманазарова беттешин 1/8 финалдан баштап, 2019-жылкы дүйнө чемпиону менен беттешип, ага утулуп калды. Чейрек финалда канадалык балбан Япониядан барган Ами Ишииге утулуп, Жуманазарованы коло үчүн мелдешке чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратты.