Мээрим Жуманазарова Дүйнө чемпиондугундагы алгачкы беттешинде жеңилип калды

Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунда Мээрим Жуманазарова биринчи беттешинде жеңилип калды.

Жуманазарова беттешин 1/8 финалдан баштап, 2019-жылы дүйнө чемпиону болгон канадалык балбан менен беттешти. Бирок ал жеңишти колдон чыгарып жиберди. Канадалык спортчу финалга чыкса, Жуманазарова коло үчүн күрөшөт.