Мээрим Жуманазарова жаракат алган соң 4 ай тыныгуу алганын, беттештерге даярдана баштаганын айтты

Социалдык тармактарда «Мээрим Жуманазарованын жаракат алып, 4 айлык тыныгуудан кийинки маеги» деген аталыштагы видео тарап жатат.

«Азыр Кудайга шүгүр, жаракат алгандан кийин 4 айдай эс алып, өзүмө жаңы келдим. Азыр жакшы күрөшүп алдым. Буюрса, алдыдагы турнирлерге даярдана баштайм», — деди ал.