Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер күрөшү боюнча Азиянын эки жолку чемпиону

68kg WW - Meerim Zhumanazarova (KGZ)

9-апрелде Бишкекте өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатынын алкагында Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Мээрим Жуманазарова финалдык беттеште алтын медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.

Ал 68 кг чейинки салмак ченинде күч сынашып, мелдешти чейрек финалдан баштаган. Алгачкы беттешинде кыргызстандык балбан Вьетнамдын өкүлүн 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип, жарым финалда Кытайдын спортсменин курч жана чыңалган кармашта уткан. Ал эми чечүүчү финалдык баскычта дүйнөлүк рейтингдин лидери — Япониянын өкүлү, Азия жана дүйнө чемпиону (65 кг) Мива Морикава менен беттешип, 2:1 эсебинде жеңишке жетти.