Мээрим Жуманазарова Олимпиадага лицензия жеңгенден кийинки эмоциялары менен бөлүштү

Парижде өтө турчу Олимпиада оюндарына лицензия жеңген Мээрим Жуманазарова беттештен кийинки эмоциясы менен бөлүштү.

«Кыргыз элимди, күйөрмандарды сүйүнттүм деп ойлойм. Дүйнө биринчилигинен кийин ийинимден жаракат алып калгам. 2 ай мурун кичине күрөшүп баштагам. Бул жерде психикалык жактан даяр болдум, бирок өзүмдү башкача сезип жаттым. Кудайга шүгүр, жолдомо алдым. Машыктыруучулар менен отуруп сүйлөшүп, мындан аркы машыгуулар, даярдануулар кандай болот сүйлөшөбүз», — деди ал.