Мээрим Жуманазарова: «Оюмда «алтын алам» дегем, бирок медалды эрте эле тагып алган окшойм»

«Азия биринчилигине жакшы ой-тилектер, даярдык менен баргам. Оюмда алтын алам дегем. Тилекке каршы, медалды эрте тагынып алган окшойм». Бул тууралуу Азия чемпондугунда күмүш медаль алган Мээрим Жуманазарова маалымат жыйында билдирди.

«Ага чейин бутумдан жаракат алгам. Жакшы күрөшө алган жокмун. Өзүмдү сактап да туруп алдым. Оюмда ооруган бутум менен деле утуп алам дегем. Бирок буйруган жок», — деди ал.

Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова Монголияда өткөн Азия чемпиондугунда күмүш медаль жеңген. Ал финалдык беттеште атаандашынан жеңилип калган. Финалда кыргызстандык казакстандык Мадина Бакбергенова менен беттешип, аны биринчи раундда жеңген. Жуманазарова 2:1 эсебинде алдыда келе жаткан, бирок беттештин бүтөөрүнө 25 секунд калганда атаандашынын чабуулун 2 упайга өткөрүп жиберди. Бакбергенова Азия чемпиону аталса, Жуманазарова күмүш байгеге ээ болгон.