Мээрим Жуманазарова: «Тулку бой менен жан дүйнөмдүн ооруганын маңдай тер менен басууга аракет кылып жаттым»

Париждеги Олимпиада оюндарында күмүш медаль жеңген Мээрим Жуманазарова соцтармактагы баракчасына билдирүү жазды.

«Кыргызстаным жана кыргыз элим, Парижде өткөн Олимпиадада уткан күмүш медалым сиздерге арналат! Мен Кыргызстанда, дал ушул үй-бүлөдө төрөлгөнүм үчүн жана ошондой эле Париждеги Олимпиаданын медалын буйруп койгон Кудайга чексиз шүгүр келтирем. 

Бул күнгө чейин далай сыноолорду баштан өткөрдүк. Аларга ар бириңиздер күбөсүздөр… Тулку боюм менен жан дүйнөмдүн ооруганын тынымсыз аккан маңдай тер менен басууга колдон келишинче аракет кылып жаттым. Эгер бул медаль менен аз да болсо элимди даңазалоого салым кошо алсам, анда ар бир баштан өткөн сыноого рахмат айткым келет. Кыргызстаныбыз гүлдөй берсин! Кыргызстандыктар түбөлүк тынчтыкта бактылуу өмүр сүрө берсин»,- деп жазды ал.