Мээрим Жуманазарова Түркиядагы мелдеште жарым финалга чыкты

Мээрим Жуманазарова Түркияда өткөн эл аралык турнирде жарым финалга чыкты. Ушул күндөрү Стамбулда турнир өтүүдө.

Жуманазарова турнирге 68 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, 1/4 финалдан старт алды. Анын атаандашы Орусиядан келген спортчу болду. Кыргызстандык орусиялык спортчуну жеңип, жарым финалга өттү. Жуманазарованын кийинки атаандашы Ханум Велиева (Орусия) болот.