Мээрим Жуманазарова Түркиядагы турнирде күмүш медаль жеңди

WW 68kg Podium: Gold: Meerim ZHUMANAZAROVA (KGZ)

Мээрим Жуманазарова Түркияда өтүп жаткан эл аралык турнирде күмүш медаль жеңди. Yasar Dogu, Vehbi Emre & Hamit Kaplan турнири Түркиянын Стамбул шаарында өтүп жатат. 

Кечээ, 25-февралда 68 килограммга чейинки салмак ченинде беттешке чыккан балбан күрөшүн 1/4 финалдан баштады. Ал алгачкы атаандашы болгон орусиялык спортчуну жеңип, жарым финалга чыккан. Ал эми жарым финалдык беттеште Жуманазаровага дагы бир орусиялык спортчу Ханум Велиева кез келип, кармашта кыргызстандык жеңишке жетип, финалга чыкты.

Турнирдеги чечүүчү беттеште Жуманазарованын атаандашы Нигериянын спортчусу болду. Ал бул беттеште андан жеңилип калды. Мээрим Жуманазарова былтыр Токио Олимпиадасынын чейрек финалында дал ушул Блессинг Оборудудуго утулуп калган эле.