Мээрим Жуманазаровага гүл бербей коюшканбы? Министрликтин жообу

Кечээ, 13-апрелде Азия чемпионатына катышкан кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөлөрү Бишкек шаарына кайтып келген. Аларды «Манас» аэропортунан бийлик өкүлдөрү, жакындары жана күйөрмандары тосуп алышкан.

Спорт департаменти тараткан сүрөттөрдө Мээрим Жуманазарованын гана гүлсүз турганына карата коомчулук тарабынан бир топ суроолор жаады. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Маданият министрлигине байланышканда төмөндөгү Инстаграмдагы баракчага жарыяланган стористи жооп катары жөнөттү.