Мээрим Жуманазарованын сиңдиси күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болду

Кыргызстандык спортчу Сезим Жуманазарова жаштар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болду. Дүйнө чемпиондугу ушул күндөрү Уфа шаарында өтүп жатат.

Кыргызстандык спортчу 57 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, 1/8 финалдан баштады.

Жуманазарова биринчи кармашта Швециянын өкүлүн жеңип, бирок чейрек финалда италиялыкка утулуп калган. Жубатуучу турнирдин биринчи айлампасында кыргызстандык айым Шри-Ланканын өкүлүн, ал эми коло үчүн болгон беттеште Польшанын спортчусун жеңип, коло медалга ээ болгон.

Бул медаль Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасы үчүн бул турнирде экинчи болуп калды, буга чейин Калмира Билимбек кызы 55 килограмм салмакта күмүш медаль тагынган.