27 жылдык күтүү! Кадеттер арасында үч балбан дүйнө чемпиону болду

Кыргызстандын Күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев соцтармактагы баракчасында 27 жылдан бери биринчи жолу эркин күрөш боюнча кадеттер арасында дүйнө чемпиондору чыкканын жазды.

«Кыргыз күрөш федерациясынын атынан балбандарыбыздын арабызга эки чемпиондун кошулушу менен куттуктайм!

27 жыл, башкача айтканда, 1997-жылдан бери бизде эркин күрөш боюнча кадеттер арасында дүйнө чемпиондору чыга элек болчу. Ал эми кечээ эки балбаныбыз дароо алтын медаль тагынды! Курсантбек Исаков менен Рустамжан Кахаров. Бүгүн дагы бир балбан Өмүрбек Асан уулу 1-орун үчүн күрөшөт (ред. беттеште ал жеңишке жетти). Дагы үчөө 3-орун үчүн күрөшөт. Ошондой эле грек-рим күрөшү боюнча бир күмүш жана бир коло медаль алган балбандарыбызды куттуктайм!

Учурдан пайдаланып, жаштар курама командасынын улук машыктыруучулары Дастан Муктаров менен Азат Мирахимовдун чоң эмгеги бар экенин айта кетейин. Кошумчалай кетсек, «Тайманбас» спорттук-өспүрүмдөр спорт мектебинин директору Асеин Төрөгелдиевдин да салымы зор. Дал ушул спорт мектеби биздин жаштардын күрөш боюнча командаларына жооптуу», — деп жазылат билдирүүдө.