«Мен чемпион болгум келген. Бирок бутумдагы жаракаттан улам беттешти уланта алган жокмун». Бул тууралуу кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы Instagram баракчасына жазды.
«Бул Дүйнө чемпиондугуна чейинки басып өткөн жолубуз оңой болгон жок. Мен чемпион болгум келген. Бирок бутумдагы жаракаттан улам беттешти уланта алган жокмун. Экинчи орунду алып, өлкөм үчүн Париж Олимпиадасына жолдомо уттум. Менде азыр баары жакшы. Сарсанаа болбоңуздар. Жаракатымды айыктыргандан кийин күрөшүүнү улантабыз. Машыктыруучума, жанымда болгондорго, мага күйөрмандык кылгандарга, сарсанаа болгондордун баарына рахмат», – деп жазды ал.