Месси ал үчүн «Алтын топтон» да маанилүү болгон сыйлыктарды атады

Аргентиналык «Интер Майами» клубунун чабуулчусу Лионель Месси L’Équipe менен болгон маегинде ал үчүн «Алтын топ» сыйлыгынан да маанилүү сыйлыктар бар экенин айтты. 

“Албетте, “Алтын топ” – бул абдан жакшы сыйлык, анткени анын мааниси, кадыр-баркы бийик. Бирок мен үчүн эң башкысы командалык сыйлыктар экенин дайыма айтып келем. Мен Барселона менен андан кийин Аргентина менен мүмкүн болгон бардык кубокту жеңүү бактысына ээ болдум. Европадагы карьерамды ушул сыйлыктар менен бүтүрүү мен үчүн укмуштуудай нерсе. Кандай болгон күндө да “Алтын топ” – бул абдан өзгөчө жана эң сонун сыйлык”, — дейт 36 жаштагы чабуулчу.

Лионель Месси France Football журналынын тандоосу боюнча дүйнөнүн эң мыкты футболчусуна берилген «Алтын топ» сыйлыгын сегизинчи жолу жеңип алган.

2023-жылдын августунан бери аргентиналык футболчу америкалык «Интер Майами» клубунда ойноп, өткөн сезондо «Пари Сен-Жермен» менен Франция чемпиону болгон. Аргентина курама командасынын курамында Месси Катарда өткөн Дүйнө чемпиондугун жеңип, турнирдин баалуу оюнчусу катары таанылган.

«Алтын топ» 1956-жылдан бери (2020-жылдагы пандемияны эсепке албаганда) жыл сайын ыйгарылып келет.